СТС каналы Бишкек жөнүндө фильм тартат

СТС каналы Бишкек жөнүндө фильм тартат. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда болгон маалымат жыйынында "Город-312" тобунун музыканты Дмитрий Притула билдирди.

Дмитрийдин айтымына караганда, алар үчүн Бишкек биринчи кезекте балалык эскерүүлөрү калган шаар. "Биз менен бирге СТС каналынын чыгармачыл тобу келди. Алар биз жөнүндө жана Бишкек тууралуу фильм тартышат. Биз бала чактарыбызды, жаштыгыбызды, окуган жайларыбызды айтып эскеребиз. Шаарыбызга кичине болсо дагы жардам берүүнү кааладык. Акырындап жылыштар бар",- деди музыкант.

Назаренконун айтымында, аталган тасманы октябрдын акырында көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД