Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пулду 426 миң 104 адам алат

Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пулду 426 миң 104 адам алат ( 1-сентябрда алынган маалымат). Бул тууралуу 25-сентябрда социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен 355 миң 786 адам- булар ай сайын аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн берилген жөлөк пул алуучулар. Ал эми 70 миң 318 адам- ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулар. Ай сайын аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн берилген жөлөк пул алуучулардын саны Баткен облусунда 11 пайыз, Нарын облусунда 10,9 пайыз, Ош облусунда 10,7 пайыз, ошондой эле Чүй облусу менен Ош шаарында 0,5 пайызды түзөт. Ай сайын социалдык жөлөк пул алуучулар Нарында жана Ысык-Көлдө 2 пайыз, Чүй өрөөнүндө 1,5 пайыз, Талас менен Жалал-Абад облустарында 1,3 пайызды түзөт. Министрликтен билдиришкендей, 2012-жылдын 1-ноябрынан баштап балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн жөлөк пулу көбөйт (370 сомдон 580 сомго чейин).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД