Бабановдун күлүктөрү ат чабышта алдыда келди

Шаар күнүн белгилөөнүн алкагында бүгүн, 25-сентябрда, Ак-Кула ат майданында ат чабыш оюну болду. Учурда оюндун жеңүүчүлөрү аныкталды.

2 200 мерт аралыкта ат чабыш боюнча Ilander One аттуу күлүк, өзүнүн кожоюну экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановго биринчиликти алып келип берди. Саясатчы байге катары 80 000 сом алат. Экинчи орунду дагы Бабановдун күлүгү алды. Буга 50 000 сом байге каралган. Ал эми 3-орунду У.Батыркуловдун күлүгү алып, 20 000 сом акчалай байгенин ээси болду.

Ат чабыш Бишкектин 134 жылдыгына жана Бишкек баатырдын 310 жылдыгына карата арналды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД