Сузакта кырылган малдан чечекти козгоочу вирустар табылган эмес

25-сентябрда ветеринардык дарт тапма республикалык борбору Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда кырылган малдын канын экспертизадан өткөрүштү. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдиргенине караганда, кырылган малдан чечекти козгоочу вирустар табылган эмес. Учурда комиссия Сузак районундагы малдын массалык түрдө кырылгандыгынын себебин аныктоо боюнча ишти улантышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД