Кыргызстанда жыл сайын өтүүчү 7- Алма фестивалы уюштурулду

Алма фестивалына Нарын жана Ысык-Көл облустарынан чогулган 500дөй фермер катышты. Иш чара Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылында өттү.

Фестивалдын уюштуруучусу "Компаньон" каржылык тобу болду. "Иш чаранын максаты айылдыктар өзүлөрүнүн продукцияларын эл алдына алып чыгуу, өткөрүү болуп саналат.Форумдун алкагында окутуу семинарлары жүргүзүлөт. Анда кантип бирикеме түзүү керек, дүңүнөн сатып ала турган кардарларды кантип табуу керек деген сыяктуу суроолорго жооп таба алышат. Бул паланда Ысык-Көлдүк фермерлердин тажрыйбалары мол. Жыл сайын алар жер-жемиштерин жүз миңдеген долларга сата алышат",- деди "Компаньондун" төрагасынын орун басары Уланбек Акимканов.

Кийинки жылы алма форуму Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД