"Калпычы милицияны" колго түшүрүштү

Нарындын опер кызматкерлери жол күзөт кызматынын милиционерлери менен биргеликте, алдамчылыкка шектелип жаткан "калпычы милицияны" колго түшүрүштү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-сентябрда болжол менен саат 22де, Нарын автобекетинен Ат-Башы-Бишкек каттамы менен жол жүрө турган автобуска 30-35 жаштардагы белгисиз жаран кирген. Ал өзүн милиция кызматкеримин деп тааныштырып, жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө алган. Жанында документи жок болуп чыккан 3 жаранды ал өзү менен ээрчитип, "Фольксваген-Гольф-3" унаага салып белгисиз жакка сапар алган.

Кылмышкер ИИБнын имаратынын алдына жарандарды алып барып, документинер жок болсо жагымсыз окуялар болот деп коркутуп, аларды айып төлөткөн. Ал ар биринен 200 сомдон алып, 3 жаранды кое берген.

Кийинчерээк, "Фольксваген-Гольф-3" унаасы Каракол шаарынан уурдалгандыгы белгилүү болгон. Ыкчам иш чаранын негизинде кылмышкер кармалды.Ал буга чейин 2 жолу соттолуп чыккан 1986-жылы туулган Нурбек Жанболотов болуп чыкты (Ат-Башы районунун жашоочусу).

Тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Ал 3 күн мурда Караколдо техникалык тейлөө борборунда иштеп, ремонтко келген "Фольксваген-Гольф-3" унаасын айдап качканы аныкталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД