Сабалган судья, прокурор жана анын орун басары ооруканада жатышат

Сабалып жаракат алышкан судья, прокурор жана анын орун басары ооруканада жатышат. Бул тууралуу "ВБ"га Жалал-Абад ИИБнын басма сөз катчысы Аида Зулпукарова билдирди.

Анын айтымында, 25-сентябрда болжол менен саат 10до Ала-Бука районуна караштуу Достук айылынын тургундары сотко жана прокурорго каршы митингге чыгышкан. Алар кыргыз улутундагы бир канча жаранды сабаган өзбек улутундагыларды кое берип жибергендерине нааразычылыгын билдиришкен. Акциянын жыйынтыгында Достук айылынын тургундары Ала-Бука районунун прокурорун, анын орун басарын жана судьяны сабап салышкан.

Ур токмокко алынгандардын баары мээси чайкалган деген диагноз менен райондук ооруканада жатышат. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүүдө. Балким "Массалык башаламындык" беренеси менен кылмыш иши козголушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД