"Ар-Намыс" фракциясынын жаңы депутаты Майрамгүл Тиленчиева ант берди

Бүгүн, 26-сентябрда, парламенттин отурумунда "Ар-Намыс" фракциясынын жаңы депутаты Майрамгүл Тиленчиева ант берди.

Жаңы депутат, "Ар-Намыстын" мүчөсү Камила Талиеванын социалдык суроолор боюнча вице-премьер-министрдин кызмат ордуна кетиши менен мандатты алган. Майрамгүл Тиленчиева ант берип жатып, ЖКнын депутаты катары мекенге ак дилден кызматы кылууга сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД