Бишкекке Европа оңдоо жана өнүктүрүү банкынын делегаттары келишти

Бишкекке Европа оңдоо жана өнүктүрүү банкынын делегаттары келишти. Бүгүн, 26-сентябрда, анын өкүлдөрү калаанын мэри Иса Өмүркулов менен жолугушту.

Делегаттар Франция, Дания, Улуу Британия, Австралия, Корея жана башка ар кайсыл өлкөлөрдөн келишкен. Алар мэр Өмүркулов менен, Бишкектеги суу тосмолорду оңдоо боюнча ишке ашырылып жаткан бирдиктүү долбоорду талкууга алышты. Ошондой эле, жаңы троллейбустарды сатып алуу тууралуу кеп болду. Мындан тышкары Бишкектин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча башка долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД