76 жаңы троллейбустарды сатып алуу пландалууда

76 жаңы троллейбустарды сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда, Европа оңдоо жана өнүктүрүү банкынын делегаттары Бишкек мэриясынын өкүлдөрү менен жолугушуу маалында белгилүү болду.

Маалым болгондой, Европа оңдоо жана өнүктүрүү банкы Бишкектин троллейбус башкармалыгына жаңы техника сатып алууга 15,6 млн. доллар бөлдү. Бул сумманын 10,1 млн. 10 жылга насыя түрүндө берилди. Калган бөлүгү гранттык жардам катары эсептелет. Бул каражатка 76 троллейбус сатып алуу пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД