"Хизб ут-Тахрир" уюмунун баракчаларын таркаткан жаран кармалды

22-сентябрь күнү, Нарында КР МУККнын кызматкерлери, 1984-жылы туулган жергиликтүү тургунду "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремистик уюмунун баракчаларын таркатып жаткан жеринен кармашты. Бул тууралуу КР МУККнын коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Кармалган жаранды текшерүү маалында көп сандагы эсктремистик мүнөздөгү адабияттар табылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Жаран Нарын шаарындагы тергөө абагына алынып келинди. Тиешелүү ыкчам тергөө иш чаралары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД