Мамлекеттик айыптоочу: Жабырлануучу Александр Ангелиди Орусияда каза болду

"Такталбаган маалыматтарга караганда, Сабировдун иши боюнча жабырлануучу Александр Ангелиди Орусияда каза болду", - деп бүгүн, 26-сентябрда, социалдык өнүктүрүү министрлигинин экс- министри Равшан Сабировдун жана анын жардамчысы Тахир Мирзаахмедовдун иши боюнча соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу билдирди.

Белгилей кетсек, Ангелидинин өлүмү тууралуу маалымат 24-сентябрда келип түшкөн. Эске салсак, жабырлануучу Ангелиди ишти угууга келбей жаткан. 3-жолу окуя кайталангандыктан судья аны зордоп алып келүүгө токтом чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД