Асылбек Жээнбеков Барак Обама менен жолугушту

КР ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын 67-сессиясына катышууга барган өлкөлөрдүн делегацияларынын жетекчилеринин урматына, АКШнын президенти Барак Обама жана анын жубайынын атынан уюштурулган кабыл алууга катышты. Кабыл алуу учурунда Жээнбеков менен Обаманын протоколдук жолугушуусу болгондугун ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Төрага Жээнбеков Кыргызстандагы парламенттик демократияны өнүктүрүүгө багытталган акыркы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди. Ал Кыргызстанда орун алып жаткан чукул өзгөрүүлөр, жүрүп жаткан жана жаңыдан башталган реформалар демократиялык коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД