Сабиров соттук териштирүүдөн соң саясатка кайтып келүү ниетин билдирди

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин экс-министри Равшан Сабиров соттук териштирүүдөн кийин саясатка кайтып келүү ниетин бүгүн, 26-сентябрда, "ВБ" га билдирди.

"Мен КР ЖКнын депутаты болгом. Көп убакыт бою социалдык долбоорлор менен алектенип келгем. Мектеп, бала бакчаларды салдым. Мени 5 000 доллар өлчөмүндө пара алган деп айыптап жатышат. Муну максаттуу чагымчылдык деп ойлойм. Мен саясий карьерамды уланта берем. Эч качан акча алып, пара өндүргөн эмесмин. Мен таза, так иштегем. Бул кимдир бирөөгө жакпай калды, мен буга ишенип турам", - деди ал. Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышасызбы же парламенттик шайлоону күтөсүзбү деген суроого, Сабиров "сот иши бүтсүн, анан ойлоном", - деп жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД