Турсунбек Акун Оттавадагы 4-Эл аралык жолугушуусунда сөз сүйлөдү

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Оттавадагы 4-Эл аралык жолугушуусунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда ал кыргыз укук коргоочуларынын аскер кызматкерлеринин укугун коргоо жаатында айтып берди. Тактап айтканда акыйкатчы алдында түзүлгөн Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо боюнча коомдук кеңештин ишине кеңири токтолду.

Акун аскер контингенти арасындагы укук бузуу фактыларына токтолуп , анын натыйжасында кыргыз армиясында жаш жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуу сыяктуу жат көрүнүштөрдүн орун алгандыгын айтты. Ал өз кесиптештери менен армиядагы байкоо жүргүзүү ыкмалары тууралуу ой бөлүштү.

Эске салсак, аталган жолугушууга дүйнөнүн 28 өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД