Жанторо Сатыбалдиев ЕРӨБ Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Кечээ, 25-сентябрда, КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Директорлор Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Республика менен ЕРӨБ ортосундагы кызматташууну тереңдетүү, суу энергетика, тоо-кен өндүрүү тармагындагы, агрардык секторду өнүктүрүү боюнча долбоорлор, ошондой эле өлкөдөгү бизнес чөйрөнү жакшыртуу маселелери каралды. КР премьер-министри өкмөт Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга багытталган реформаларды ырааттуулук менен ишке ашыра бере тургандыгын белгиледи. Директорлор кеңешини мүчөсү Джонатан Окендин белгилегендей, ЕРӨБ мындан ары Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү уланта беремекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД