Эртең Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 27-сентябрда, саат 9дан 14кө чейин Москва районундагы Беловодское айылынын түндүк-чыгыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт. Ал эми саат 13төн 18ге чейин айылдын батыш тарабында электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда электр жарыгынын өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу.

Аламүдүн районунда саат 8ден 19га чейин жогорку чыңалуудагы электр түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу, Төмөнкү-Ала-Арча айылында Кыргыз, Зеленая, Логвиненко, Новая, Коллекторная жана Панфилов көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД