Орто Азиядагы Европа биримдигинин ТИМ жолугушуусу ноябрда болмокчу

Кечээ, 26-сентябрда, КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандагы Европа биримдигинин башчысы, элчи Шанталь Эбберект менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Борбордук Азиядагы Европа биримдигинин ортосундагы байланыш тууралуу талкуулашты. Элчи белгилегендей, Европа биримдиги Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүн жогоруу баалайт жана бул багытта колдоо көрсөтүүгө даяр. Орто Азиядагы Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Бишкекте 2012-жылдын ноябрында болмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД