"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссиянын курамы өзгөрдү

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Мамлекеттик комиссиянын курамынан тышкы иштер министринин мурунку орун басары Туратбек Жунушалиев чыгарылып, анын ордуна ТИМдин жаңы орун басары Эринес Оторбаев кирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД