"Хизб ут-Тахрирдин" материалдарын алып жүрүшкөн бир канча жаран кармалды

25-сентябрда милиция кызматкерлери республиканын бардык аймактарында ыкчам-профилактикалык иш чара уюштуруп, "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремистик уюмдун материалдарын алып жүрүшкөн бир канча жаранды кармашты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов районунун милиция кызматкерлери туруктуу жашаган жери жок 30 жаштагы эркек кишини кармашкан. Анын жанынан экстремистик мүнөздөгү материалдар, баракчалар жана флеш-карта табылган. КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкарамалыгы буга чейин издөөдө жүргөн 49 жаштагы жаранды кармашты. Ал куралчан топту түзгөнгө шектелип жаткан. Араван районунда Ош облустук ИИБнын кызматкерлери, Жаны-Чек айылынын 32 жаштагы тургунунун үйүнөн 7 диск таап чыгышты. Ошол эле райондон 20 жаштагы тургундун үйүнөн "Хизб ут-Тахрирдин" материалдарын камтыган 100 диск, 7 аудиокассета, баракчалар, жана уюлдук телефон табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД