Депутат: Таластын ички жолдоруна бөлүнгөн каражат толугу менен төлөнгөн жок

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Дастанбек Жумабеков бүгүн, 27-сентябрда, парламенттик отурумда өкмөт Таластын ички жолдорун оңдоого каражатты толугу менен төлөп бербегендигин айтып, мындан улам курулуш иштери токтоп тургандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, өкмөт Таластын ички жолдоруна деп 40 млн. сом караштырган, бирок ошол каражаттын 50 пайызы гана төлөнүп берилген. "50 пайызын бүтүрдүк, эми калганын дагы деле берише элек. Калган 20 млн. сомду төлөп бергиле деп өкмөткө кайрылам. Жолдор казылып турат, асфальт болсо алынып келине элек",- деди депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД