Болот Садыркулов: Медет Садыркуловду Бакиевдер өлтүрүшкөн

"Менин тууганым, Кыргызстандын президентинин аппаратынын экс-башчысы Медет Садыркуловду, Сергей Слепченкону, Кубат Сулаймановду жана башка ЖКнын бир канча депутатын Бакиевдер өлтүрүшкөн", - деп бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда, соттук отурум башталаардан мурда каза болгон Медет Садыркуловдун тууганы Болот Садыркулов билдирди.

Анын айтымында, Медет Садыркуловду ким өлтүргөнүн баардыгы эле билишет, бирок бул тууралуу эч ким ооз ачпайт. "Садыркуловду өлтүргөндөр башкалардын дагы көзүн жок кылып, арам иштерин улантып келишкен. 2010-жылдын 7-апрелинде дагы ЖКнын депутаты Руслан Шаботоевди жана башкаларды дагы жок кылышты. Өлтүрүүгө буюргандардын башында КРнын экс-президенти Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана уулу Максим турган", - деди Болот Садыркулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД