Дыйканбаев: Депутаттар малга караганда адамдарга азыраак тынчсызданышат

Республика фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 27-сентябрда "депутаттар мал-жандыктарга караганда адамдарга азыраак тынчсызданышат",- деп айтып чыкты. "Бир канча күндөн бери баланча мал кырылды деп талкуулап эле келатабыз. Бирок жыл сайын жол кырсыгынан 700 000 жаран каза болуп жатканына эч ким көңүл бурган жок. Буга ким жооп берет?",- деди депутат.

Ошондой эле Дыйканбаев, МАИ кызматкерлеринин бензин жок деп жөө жүргөндүгүн айтып нааразы болду. "Ошол үчүн алар пара алып жатышат, а биз болсо алардын бирин дагы жумуштан алып салган жокпуз", - деди ал. Шаарда жол кыймылы эч кандай эрежеге баш ийбегендигин, жолдордо 200дөн ашуун жол белгилери жетишпегендигин кошумчалады.

Депутат өкмөттү "саясаттан алыс болуп, өз арабанарды кылдыраткыла", - деп чакырып өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД