Жаран техникалык тейлөө борборуна ремонтко деп ташталган унааны айдап качкан

Нарындын жашоочусу техникалык тейлөө борборуна ремонтко (ТТБ) деп ташталган "Мерседес" унаасын айдап качкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Күн-Туу айылынын тургуну, унаанын ээси өзүнүн темир тулпарын борбор калаадагы ТТБга таштаган. Унааны алып кетүү маалы келгенде, кожойке 7 000 долларлык унаасынын жоголгондугун билген. Бишкек ШИИБнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш чарасынын негизинде окуяга шектүү делген жаранды кармашты. Ал буга чейин соттолбогон Нарын облусунун 25 жаштагы тургуну болуп чыкты. Учурда жаран шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына алынып келинди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД