Нурдинов: Муфтийдин милдетин аткаруучу Эгембердиев кызматтан кетиши керек

"Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматулла Эгембердиев ишенимди актаган жок. Ал кызматтан кетиши керек", - деп бүгүн, 27-сентябрда Орто Азия жана Кыргызстан мусулмандар Конгрессинин төрагасы Бакыт Нурдинов билдирди.

Анын кебине караганда, Эгембердиев өткөн жылы ажылык маалында 79 квотаны кыргызстандыктарга, ошондой эле Кытайдын 2 жаранына берип койгон. "Ал кытайлык Ми Шун Хай менен Ми Ху Жэнге 1 800 долларга квоталарды саткан", - деди Нурдинов.

"Мындан сырткары квоталарды региондорго бөлүштүрүү системасы бул жылы бузулду. Ажылыкка болгону 5 күн калды, бирок ажылардын нумерациясы азыркыга чейин жок. Бизге бул жылы дагы 800 квота мыйзамсыз таратылат деген маалымат келип түштү", - деди Нурдинов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД