Мас абалындагы 2 кыз кафенин эшигинин айнегин талкалап салышкан

Мас абалындагы 20 жаштагы 2 кыз, кафенин администрациясы менен урушуп кетишти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда милицияга арыз келип түшкөн. Анда болжол менен саат 00:30да, Бишкек шаарындагы Иваницин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен, мас абалындагы 2 кыз администрациясы менен урушуп, кире бериш эшиктин айнегин талкалап салгандыгы айтылат. Шаардык милициянын иш аракеттери менен бейбаштыкка шектелген 2 кыз кармалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД