Иманалиев: Парламенттик отурумду жумасына 3 жолу түшкө чейин өткөрүш керек

"Биз сапатсыз мыйзамдарды кабыл алып жатабыз, анткени бир күндө 27 мыйзам кабыл ала алабыз", - деп бүгүн, 27-сентябрда парламенттик отурумда "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, түштөн кийинки маалда депутаттар мыйзамды кабыл алууга жөндөмсүз болуп калууда. "Мындан улам биз сапатсыз мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Ал эми мунун кесепетинен сапатсыз экономика жана жарандардын жашоосу келип чыгууда", - деди ал.

Элдик депутат парламенттик отурумду жумасына 3 жолу түшкө чейин өткөрүп, түштөн кийинки маалда фракция жана комитеттер чогула берсин деген сунушун айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД