Жанторо Сатыбалдиев Украинанын премьер-министри Николай Азаров менен жолугушту

Кечээ, 27-сентябрда, Ялтада КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Украинанын премьер-министри Николай Азаров менен жолугушту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт башчыларынын жолугушуусунда эки тараптык соода-экономикалык жана маданий гуманитардык байланыш тууралуу талкуу болду. Тараптар жакынкы аралыкта соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыш боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-украина комиссиясын өткөрүү тууралуу сүйлөшүштү.

Азаров маданий байланышты мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн айтып, эки өлкөдө маданият күндөрүн өткөрүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле, ал Чынгыз Айтматовдун чыгармалары менен жакындан тааныш экендигин айтты. Өз кезегинде Сатыбалдиев Кыргызстанда борбордук көчөлөрү Украинанын тарыхына байланышкан Киев, Донецкая, Шевченко ысымдарын алып жүргөндүгүн айтты. Ал Украинанын борборундагы көчөлөрдүн бирине Чынгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштады.

Эске салсак, КР премьер-министри Ялта шаарында КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин жана ЕврАзЭСтин мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД