Индиядан келген 13 студент көздөрүн формалиндин буусуна күйгүзүп алышты

Индиядан келген 13 студент көздөрүн формалиндин буусуна күйгүзүп алышты. Бул тууралуу "ВБ"га тез жардам Станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Дмитрий Денисов билдирди.

Маалыматка караганда, станцияга Кыргызстандын Эл аралык университетинен чакырык келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер студенттердин көздөрү формалиндин буусуна күйгөн деген диагноз коюшкан. Жабыркагандар Улуттук госпиталга жаткырылды. "Формалин агрессивдүү зат", - деп түшүндүрдү Денисов. Айтымында, студенттер аталган химиялык зат менен кандай эксперимент жүргүзүшкөн, азырынча белгисиз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД