УКТ мүчөлөрүн жазалоону күчөтүү тууралуу мыйзамдын каралышы сунуш кылынды

"Биз уюшкан кылмыш тобунун (УКТ) мүчөлөрүн жазалоону күчөтүү тууралуу мыйзамды карап чыгууну сунуш кылуудабыз", - деп бүгүн, 28-сентябрда, КДСП фракциясынын отурумунда ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди.

Анын кебине караганда, уюшкан кылмыш тобуна каршы күрөшүү тууралуу мыйзам долбоору өткөн жылы кабыл алынган. Бирок, айрым кемчиликтеринен улам, күткөндөй эффективдүү эмес болуп калган. Сунушталып жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды ондоо- УКТ тобунун мүчөлөрүн жазалоону күчөтүүгө багытталган.

"Биз аталган мыйзамды ийне жибине чейин карап чыктык. Ушундай эле мыйзамдагы нормалар Италияда, Францияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө бар экен. Биз сот аркылуу УКТнын мүчөлөрүнүн тизмесин алуу үчүн, ондоолорду киргизүүнү сунуштап жатабыз. Сот алардын статусун топтолгон материалдын негизинде УКТнын мүчөсүбү, уюштуруучусубу же мыйзамдагы уурубу деп аныктайт", - деди Турганбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД