Жол кырсыгында бир жаштагы бала жабыркады

Жол кырсыгында бир жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

"Тойота-Виста" унаасынын айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен жол тартып баратып, Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинен "Мазда-323" унаасы менен кагылышып кеткен. Кырсыктын натыйжасында "Тойота-Виста" унаасынын ичиндеги 1 жаштагы бала жабыркаган. Наристе баш мээси чайкалган деген диагноз менен балдар ооруканасына жеткирилди.

Аталган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД