Аламүдүн районунда ири жол кырсыгы катталды

Аламүдүн районунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

КамАЗдын айдоочусу Лебединовка айылында сапар тартып бара жатып Жеңиш проспектиси менен Калинин көчөсүнүн кесилишинен "Хюндай-Портер" унаасы менен сүзүшүп кеткен. Экинчи унаанын ичинде "Калыс-Ордо" жаңы конушунун 18 жаштагы тургуну болгон. КамАЗдын айдоочусу сүзгөндөн кийин дароо унаасын токтото албай, жол жээгине чыгып кеткен. Жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп албайын деген максатта, ал дароо рулду буруп жиберген. Натыйжада КамАЗ оң капталына ооп кулаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД