Айыптоочу журналисттин үн жаздыруучу куралын тартып алды

Медет Садыркуловдун иши боюнча сот процессинде мамлекеттик айыптоочу, соттун биринчи отурумунда аудио жана видео жаздырууга тыюу салынган тууралуу токтомго шилтеме жасап, "Биринчи радионун" журналистинин үн жаздыруучу куралын тартып алды. Мамлекеттик айыптоочу Азамат Мамбетов журналистке үн жаздырууга бир канча жолу тыюу салынганын айтты. Бирок журналист анын талаптарын аткарган эмес. Күнөөлөнүп жаткандардын жактоочусу Икрамидин Айткулов өз кезегинде, үн жаздыруучу куралды тартып алуу мыйзамсыз деп айтып чыкты. Мындай учурларда протокол түзүлүшү керек деп билдирди ал. "Бул деген мамлекеттик айыптоочу мыйзамды бузду дегендикте жатат", - деди жактоочу. Жыйынтыгында, Айткулов сотко кайрылып, сот процессине таасирин бербейт деп үн жаздырууга уруксаат берүүнү айтты. Сот айткандарды карап чыгып, жыйынтыгында үн жаздырууга уруксат берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД