ЖК имаратынын алдында "Парламентке тиш кайрайбыз" аттуу пикет болот

1-октябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Парламентке тиш кайрайбыз" аттуу пикет болот. Ушундай аталыштагы иш чараны facebook социалдык тармагында "МК-Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов түзүп чыккан.

Нааразычылык акциясы саат 11ден 12ге чейин болот.

Бабакуловдун айтымында, пикет "Кыргызстандын борборунда болгон мародерлук фактысын иликтөө боюнча комиссиянын отурумунда, НТС телеканалынын журналистин киргизбей койгондугуна" байланыштуу өтөт.

"Биз, Кыргызстандын журналисттери "болбогон" көнүл ачуучу кечелерде гана жолукпастан, бири-бирибизге жан тарта ала тургандыгыбызды көрсөтө алабыз. ЖКнын иамаратынын алдында пикет өткөрүп, депутаттарга нааразычылыгыбызды билдиребиз. Төрага менен жолугуп, депутаттар өзүнүн иши менен алектеншин, биздин журналистикалык талаага аралашпоосун талап кылабыз",- деди Бабакулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД