Жол эрежесин бузган айдоочуларды балдар уяткарат

"Аялдар канаты" коомдук фонду 10-октябрда "Жол кыймылынын эрежелери балдардын көзү менен" аттуу флешмоб өткөрөт. Бул тууралуу "ВБ"га фонддун төрайымы Жамиля Абирова билдирди.

Иш чаранын максаты - айдоочуларды балдар аркылуу уяткаруу. Мындан улам, флешмобдун учурунда шаардын беш аймагында (кайсыл жак экени аныкталып жатат) беш баладан турган топторду коюп коюшат. Алар мектеп формасын кийген 3-4-класстын окуучулары болот. Балдар МАИ инспекторлору менен биргеликте жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотушат.

"Эреже бузган ар бир айдоочуга балдар жазуусу бар шарик же жол кырсыгынын сүрөтү тартылган кичинекей табличкаларды тартуу кылышат. Аларда "Байке, ичпеңиз" же "Менин жашагым келет" деген сыяктуу сөздөр жазылган болот", - деп билдирет иш чаранын уюштуруучусу.

Акция саат 10дон 13кө чейин уланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД