Жусупова: Бекназаровго тиешелүү документтерде эч кандай көйгөй жаралган жок

Жогорку соттун Конституциялык палатасына судьяларды тандоонун 1-турунда, Азимбек Бекназаровго тиешелүү документтерде эч кандай көйгөйлөр жаралган жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда "ВБ" га берген маегинде Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөсү Жамал Жусупова билдирди.

Жусупованын айтымында, Бекназаров жеке делосунда мамлекеттик эки сыйлыгы бар экенин жашырып, өзүнүн жөнөкөйлүгүн көрсөткөн. Маалым болгондой, Бекназаров анкетага өзүнүн баардык мүлкүн көрсөтүп жазган. Буга карата кеңештин мүчөлөрүндө суроолор жаралган эмес.

Эске салсак, 10дон ашык жарандык бирикмелерден Сотторду тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө, Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө жаңы шайланган Азимбек Бекназаровдун кайра суралышын талап кылган каттар келип түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД