Талас облусунда 22 000 окуучуга акысыз бут кийимдер таратылды

18-сентябрдан 21-сентябрга чейин "ADRA Кыргызстан" гуманитардык агенттиги, Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте "Мектепке карай жол" аттуу долбоорду ишке ашырышты. Аталган долбоордун алкагында Талас облусундагы орто мектептерде окуган 22 000 окуучуга мектеп бут кийимдери таратылды.

Маалыматка таянсак, гуманитардык жардам Талас районундагы 28 орто мектепти, Манас районундагы 21 мектепти жана Талас шаарындагы 9 орто мектепти камтыды. Бут кийимдер биринчи класстан 11-класска чейинки балдарга (социалдык жашоосуна карабай) берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД