Red Jolbors Fest-2012 фестивалында 500дөн ашык адам катталды

Red Jolbors Fest-2012-жарнама, маркетинг жана PR биринчи Бишкек фестивалында 500дөн ашык адам катталды. Ал эми бул көрсөткүч болгону 300дөн жогору болот деп күткөнбүз, деп билдиришти фестивалдын уюштуруучулары.

Иш чарага рынок адистери, компаниялардын жетекчилери, ишкердик-ассоциациясынын жана ЖМКнын өкүлдөрү катышууда. Ал эми келген меймандар менен 30га жакын спикер иш алып барышууда. Түшкө чейин "ВымпелКом Лтд." КМШ өлкөлөрүндөгү коом менен байланыш боюнча Департаментинин жетекчиси Артем Минаев менен "Ведомости" гезитинин кабарчысы Ксения Болецкая сөз сүйлөп бүтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД