"Ата-Мекен" МУККдан НТС телеканалына карата кылмыш ишин козгоону суранууда

"Ата-Мекен" фракциясы Башкы прокуратурадан НТС телеканалына карата кылмыш ишин козгоону суранууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда "ВБ"га "Ата-Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Депутаттын айтымында, НТСтин жетекчилиги болжол менен бир жылда бир жолу алмашып жатканы кызык туудурат. Акыркы жолу жетекчиси сот аркылуу алмашкан, дейт ал.

"2011-жылдын декабрына чейин НТС "Аянт" ЖЧКга караштуу болуп келген. Бирок, соттон кийин телекомпания башка колго өтүп кеткен", деп түшүндүрдү Текебаев.

Ал, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине (МУКК) соттун токтомунун мыйзамдуулугун иликтөөгө алсын деген таризде суроону жибергендигин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД