Кемин районунда "Ауди 100" унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти

Кемин районунда "Ауди 100" унаасынын айдоочусу жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, Кемин шаарчасынын 47 жаштагы тургуну Бишкек-Торугарт кан жолунда сапар тартып баратып, 94-чакырымынан Сокулук районунун 52 жаштагы тургунун коюп кеткен.

Кырсыктын натыйжасында жөө жүргүнчү ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылды. Унаа болсо айып төлөөчү жайга токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД