АУБ филиалынын имараты Улуттук банкка 250 млн. сомго сатылган

Бишкек мэриясынын жанында жайгашкан "АзияУниверсалБанк" филиалынын имараты Улуттук банкка 250 млн. сомго сатылган. Буга чейин имарат "Кыргызкурулушбанкына" тиешелүү болчу. АУБ банкрот болгондон кийин ал "Залкар Банктын" карамагына өткөн.

Имаратты сатууда "Залкар банкка" келтирилген чыгым 65 млн. сомдон ашкан. Учурда банктын кызматкерлери башка филиалдарга көчүүдө. Бирок архивди кайда алып баруу көйгөйү бар.

Эске салсак, мэриянын жанындагы филиалдын сактоо жайы болгондуктан ал сатып алуудагы негизги себеп болгон.

Өздүк булактардан маалым болгондой Улуттук банктын имаратты сатып алуусу көп жылдан бери жаңы имаратты куруу маселесинен улам келип чыккан. Калык Акиев көчөсүндөгү курулуш иштери 2010-жылдан бери токтотулган. Курулушту жандандыруу смета боюнча жаңы имаратты сатып алуудан да кымбатка түшөт.

"Залкар банктагы" булактар имарат Бишкектин архитектуралык байлыктарына киргендиктен ал "мамлекетке таандык болуш керек", деп билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД