Ахматбек Келдибеков МУКК тарабынан кармалган депутаттарды колдоого чакырды

"Ата Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков депутаттардs МУКК тарабынан кармалган коллегаларын колдоого чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында "Ата Журттун" үч депутаты Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду кармоодо мыйзам тебеленген.

Депутаттар бүгүн түнү МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.

"Бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт. Жаман коллега болобу, жакшыбы, биз аларды колдошубуз керек. Эгер бул маселени парламентте чечпесек, анда эл өзү чечим кабыл алат", - дейт Келдибеков.

Эске салсак, "Кумтөрдү" улутташтыруу талабы менен 3-октябрда 1000ге жакын адам митингге чыгышкан. Анын демилгечиси депутат Садыр Жапаров болгон. Алар чечкиндүү кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Саламаттыктык сактоо министрлиги билдиргендей баш аламандыктан жабыр таркандардын саны 12, алардын 7си оорункага жаткырылган. Жабыр таркандардын 9у милиция кызматкери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД