Садыр Жапаровдун машинасынан бир нече курал жана бронежилет табылды

"Ата Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун машинасынан Калашников, травматикалык тапанча, Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 10 бронежилет табылды. Бул тууралуу Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев жана орун басары Курсан Асанов Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине (МУКК) келип, депутатка тиешелүү машинаны текшерүүгө уруксат алуу маалында белгилүү болду.

Эске салсак, Садыр Жапаров жана "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кармалып, МУККнын убактылуу кармоо жайына 48 саатка камалган. Алар бийликти күч колдонуп тартып алууга аракет кылган деп шектелүүдө.

Кечээ, 3-октябрда "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Чогулган эл "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин чакырыгынан кийин, Ак үйдүн темир торлорун аттап өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонуп, митингчилерди филармония жакка өткөргөнгө аракет кылышты.

Саламаттык саткоо министрлигинин маалыматына ылайык баш аламандыктан 12 киши жарат алган. Алардын 7си ооруканага жаткырылган. Жарат алгандардын арасында 9 милиция кызматкери да бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД