Казакпаев: Митинг бийликти басып алууга болгон аракет болушу мүмкүн

Митингчилердин аракетинен улам бул митингдин максаты "Кумтөрдү" улутташтыруу гана эмес, башка да максаттары болушу мүмкүн деген ойго түртөт, - деген божомолун саясатчы жана эксперт Марат Казакпаев "ВБга" билдирди.

Анын айтымында, бул бийликти күч колдонуп тартып алууга болгон аракет болушу мүмкүн. Анткени митингчилер "Ак үйгө" кирип барууга аракет кылып, темир тосмодон аттап өтүштү.

Белгилей кетсек митингдин уюштуруучулары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов дал ушул аракеттер үчүн айыпталууда.

"Жарандар өздөрүнүн нааразычылыгын депутаттарга айта албагандыктан психологиялык абалда роль ойноп кетиши мүмкүн. Балким, анын себеби "Ата Журттун" ушундай жол менен бийликке келүүнү каалагандыгы болгондур. Ушундай ой дагы бар", - дейт саясат таануучу.

Ал ошондой эле мындай аракеттерди колдоо туура эместигин айтат. Митинг экономикалык абалга да таасир берип, инвестициалык абал жапа чегип атканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД