"Ата-Журт" партиясынын саясый кеңеши депутаттарды бошотууну талап кылууда

"Ата-Журт" партиясынын саясый кеңеши депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду бошотууну талап кылууда. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат катчысы Нургазы Анаркулов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында мындай чечим партиянын саясый кеңешинин жыйынында кабыл алынган. "Бүгүн өкмөт калк арасында аброю бар өзүнүн саясый атаандаштары менен күрөшүп, аларды темир тор артына отургузууда", - дейт ал.

Эске салсак, "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча 1000ге жакын тарапкер митингге чыгышкан. Анын демилгечиси Садыр Жапаров болгон. Чогулган эл "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин чакырыгынан кийин, Ак үйдүн темир торлорун аттап өтүүгө аракет кылышкан. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш чыгаруучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранаталарды колдонгон.

Бишкек шаардык тез жардам станциясынын башкы врач жардамчысы Гүлнара Ташибекованын билдиришинче, Ала-Тоо аянтындагы баш аламандыктан 10дой киши жабыр тарткан.

Бүгүн түнү "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана аталган партиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев МУККнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД