Активист: Бекназаров сот болуп калса, бийлик мыйзамсыз чечимдерин мыйзамдаштырат

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана күч түзүмдөрүнүн куратору Азимбек Бекназаров Конституциялык палатага келе турган болсо, азыркы бийлик мыйзамсыз чечимдерин мыйзамдаштырган болот. Мындай пикирин Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова "революциянын бульдозери" Азимбек Бекназаровдун Конституциялык палатынан судьясы болуу ниети боюнча билдирди.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаров убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Эгер ал Конституциялык палатанын мүчөсү боло турган болсо, бул өкмөт азыр Конституциялык палатады "өзүнүн" кишиси болуусун каалоодо дегенди билдирет.

"Убактылуу өкмөт өзүнүн декреттери менен мурдагы Конституциялык сотту жойгон. Алар бир топ декреттерди чыгарган. Анын мыйзамдуулугун жана конституцияга канчалык туура келе тургандыгын ушул палата карайт", - дейт Карасартова.

Ал эгер Бекназаров Конституциялык палатанын төрагасы болсо, анда бардыгы терс тарабына кете турганына ишенет. Кыргызстанда сот системасы турукташпай, өлкө укуктук нукта боло албайт.

"Биз акыр аягы өкмөттүн чечимдери кайсыл жерде мыйзамдуу, кайсыл жерде мыйзамсыз экенин аныкташыбыз керек", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД