Исаков: Эмнеге Ташиев бийликти басып алгысы келген, эгер ал анын өкүлү болсо?

КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков "Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин кечээ күнкү митингин талкуулоо маалында 2010-жылдагы апрель окуяларын эстеди.

"2010-жылдын 7-апрелинде эл "Ак үйгө" өзү барган", - дейт ал. – Апрель окуяларынан кийин бийликке келгендер зордоо түрүндө басып алган эмес".

"Мен Камчыбек Ташиевди түшүнгөн жокмун. Кайсыл бийликти басып алууга чакырды. Ал өзү депутат болуп бийликте турса. Балким ал өкмөттү айттыбы, же президенттиби? Эгер ал бийликти басып алабыз деп чакырык таштаганда парламентти айткан болсо, анда 2010-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы менен "Ата-Журт" фракциясы Жогорку Кеңеште барынан көп орун алган. Бардыгы чаташып кеткен. Бул боюнча компетенттүү органдар иш алып барыш керек", - дейт Исаков.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты, төрага орун басар Асия Сасыкбаева коллегасы менен макул болду. Ал да Ташиевдин аракеттерин түшүнбөгөндүгүн белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД