Жалал-Абадда депутаттарды бошотуп, "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылууда

Жалал-Абадда митингге чыккандар камалган депутаттарды бошотуп, "Кумтөрдү" улутташтырууну талап кылышууда. Бул тууралуу ИИМдин түштүк аймак боюнча маалымат кызматы "ВБга" билдирди.

Милиционерлердин айтымында, учурда Жалал-Абаддын борбордук аянтына камалган депутаттардын 400дөй тарапкерлери чогулушкан.

Митингге чыккандар бийликтен Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду жана Талант Мамытовду бошотууну жана алтын казган "Кумтөр" компаниясын улутташтыруу маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Нааразычылык акциясы тынч өтүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД