Борбор калаанын стационарында бир да жабырлануучу калган жок

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматынын координатору Саматбек Тойматовдун билдиришинче, Бишкектеги стационарларда кечээ күнкү баш аламандыкта жараат алган бир да киши калган эмес. Алар тийиштүү текшерүүдөн өтүп, медициналык жардамдарды алган соң үйлөрүнө кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-кызматынан маалыматына ылайык тез жардам кызматы Бишкектеги стационардык мекемелелерге 7 кишини алып барышкан. (Улуттук госпиталь – 2, Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна – 4, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна – 1).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД