Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөсүндөгү кафеден жана дарыканадан бомба табылган жок

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кыматынын (МУКК) кинологдору Абдрахманов-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден жана дарыканадан бомба тапкан жок. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Анонимдүү билдирүү дарыкана кызматкерине түшкөн. Атын атабаган киши имаратка бомба коюлганын айтып, жакын арада жарыларын кабарлаган.

Аталган жерге МУКК саперлеру келип, аймакты дыкат текшерүүгө алышкан. Бул жердеги дүкөнгө, дарыканага жана "Купола" кафесине кире турчу жолдор Свердлов РИИБ кызматкерлери тарабынан тосулган. Жакын жерге токтотулган унаалар да четте калган эмес.

Текшерүү бүткөндөн кийин аталган чалуу калп болуп чыкты.

Аталган факт боюнча Свердлов РИИБ тергөөчүлөрү тарабынан кылмыш иши козголот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД